АКШ жана Украинанын расмий өкүлдөрү билдиргендей, Орусиянын Украинага каршы баскынчылыгын токтотууга багытталган эки күндүк сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болду. Вашингтон Киевге НАТОнун 5-беренесиндегидей өз ара коргонуу принциптерине негизделген коопсуздук кепилдиктерин сунуштады.
Ошол эле учурда негизги маселелер боюнча суроолор ачык бойдон калууда.
Алардын арасында Донбасстын тагдыры да бар. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Европадагы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң ири жана эң кандуу жаңжалды токтотуу боюнча келишимге жетишүүгө аз калганын айтты:
"Биз муну ишке ашырууга аракет кылып жатабыз жана азыр мурдагыдан да жакындадык деп ойлойм", — деди Трамп 15-декабрда Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
"Биз Орусиянын президенти Владимир Путин менен бир нече жолу сүйлөштүк, менимче [келишимге] азыр мурдагыдан да жакынбыз", — деп кошумчалады ал. Ошол эле кезде Путин менен соңку ирет качан, эмнелерди сүйлөшкөнүн тактаган жок.
Трамптын билдирүүсүнүн алдында Европа, Америка жана Украинанын делегациялары Берлинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, Германиянын баш калаасындагы сүйлөшүүлөр оор, бирок пайдалуу болду.
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров болсо Берлинде Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф, Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер катышкан сүйлөшүүлөрдө "чыныгы жылыш" болгонун билдирди.
"Бул сүйлөшүүлөр ар дайым оңой эмес, ачыгын айтсам. Бирок ал жемиштүү болду, чоо-жайы абдан көп", — деди Зеленский АКШ–Украина жолугушуусунан кийин өткөн Германия–Украина бизнес форумунда.
Аймактар маселеси чечиле элек
Кийинчерээк Германия канцлери Фридрих Мерц менен чогуу өткөн басма сөз жыйынында Зеленский аймактык маселе боюнча тараптардын көз карашында айырма бар экенин белгиледи.
"Аймактар маселеси өтө оор. Биз Орусия эмнени каалап жатканын жүз пайыз билебиз. Америкалыктардын позициямды укканы мен үчүн өтө маанилүү", — деди Зеленский.
Анын айтымында, Кошмо Штаттар ортомчу катары аймак маселесин жана Украинанын калыбына келтирилишин каржылоо сыяктуу темаларды чечүүнүн ар кандай жолдорун изилдеп көрөт.
Зеленский Донецк облусундагы украин армиясы көзөмөлдөп турган аймактардан баш тартууну талап кылган сунуштарга каршы чыгып келет.
Ал эгер Украина Донбасстагы фронттук тилкелерден артка чегинүүгө аргасыз болсо, анда орус аскерлери да ошол эле кадамга барышы керектигин белгиледи.
Зеленский АКШ Донецк облусунун Киевдин көзөмөлүндө калган бөлүгүндө "эркин экономикалык аймак" түзүүнү сунуштап жатканын кошумчалады. Бул вариантка ылайык, украин аскерлери аймактан чыгып кетет, ал эми орус аскерлеринин киришине тыюу салынат.
Орусия Украинанын чыгышындагы Донбасс облусун толук берүүнү талап кылып жатат. Эгер бул талап аткарылбаса, анда Москва ал жерлерди күч менен басып алууну улантарын Орусиянын президент Владимир Путин буга чейин билдирген.
АКШнын Согушту изилдөө боюнча институтунун маалыматы боюнча, 2025-жылдын октябрь айына карата Орусия Донецкинин 80% жакынын жана Луганскини (100%) дээрлик өз карамагына алган.
Германия канцлери Фридрих Мерц болсо оптимисттик маанайда сүйлөп, 2022-жылдын февралында Орусия Украинага кеңири масштабдуу кол салгандан бери чыныгы тынчтык жараяны үчүн чоң мүмкүнчүлүк азыр пайда болгонун айтты.
Анын айтымында, АКШ Украинанын коопсуздук кепилдиктери боюнча ири материалдык салым кошууну сунуштаган, бул негизги маселелердин бири болуп эсептелет.
Коопсуздук кепилдиктери
Ошол эле күнү Евробиримдикке мүчө жети өлкө, шаркеттин лидерлери жана Зеленский алты жободон турган биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Анда төмөнкүдөй милдеттенмелер камтылган:
- Украинаны аскердик жактан туруктуу колдоо жана украин куралдуу күчтөрүнүн санын тынч мезгилде 800 миңге чейинки санда кармоо;
- АКШнын колдоосу менен Европанын жетекчилигинде түзүлө турган “каалоочулардын коалициясынын” алкагында көп улуттуу күчтөрдү түзүү;
- Ок атууну токтотууну көзөмөлдөө механизми АКШнын жетекчилиги астында, эл аралык өкүлдөрдүн катышуусу менен ишке ашырылып, кырдаалга байкоо жүргүзүүгө багытталат. Ал чабуулдар тууралуу алдын ала эскертүү берүү, эрежелердин бузулушун каттоо жана аларга ыкчам жооп кайтаруу иштерин камтыйт.
- Украинаны калыбына келтирүүгө инвестиция салуу, жаңылоо иштерин каржылоо, ошондой эле соода келишимдери жана келтирилген зыян үчүн Орусиядан кенемте төлөтүү каралат. Евробиримдиктеги орусиялык активдер мурдагыдай эле камакта калат.
- Кырдаал курчуп, Украинага кол салуу болсо, аскердик, чалгын, экономикалык жана дипломатиялык жолдор менен жооп кайтаруу милдеттенмеси.
- Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна колдоо көрсөтүү.
Ошол эле учурда, бир катар маалымат агенттиктери АКШнын расмий өкүлдөрүнө шилтеме кылып, Берлиндеги сүйлөшүүлөрдө талкууланган коопсуздук чаралары "НАТОнун 5-беренесине окшош" экенин жазышты. Ага ылайык, альянстын бир мүчөсүнө кол салуу бардык мүчөлөрүнө кол салуу катары каралат.
Вашингтон мындай коопсуздук кепилдиктерин кандай форматта берери тууралуу азырынча так маалымат жок.
15-декабрда Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Орусия Берлиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ өкүлдөрүнөн маалымат күтүп жатканын айтты.
ЕБ Украинаны колдоо үчүн Орусиянын камактагы активдерин колдоно алабы?
Евробиримдиктин лидерлери 18-декабрда өтө турган саммитте Орусиянын камактагы активдеринен ондогон миллиард еврону Украинага ири насыя катары берүүгө болобу же жокпу деген суроого жооп издешет.
Украинанын экономикасы учурда олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда.
АКШ президенти Дональд Трамп быйыл январь айында экинчи мөөнөткө кызматка киришкенден бери согушту токтотууга ортомчу болуп келатат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт өткөн аптада Трамп "эки тараптан тең көңүлү калганын" айткан.
Дипломатиялык жолугушуулар өтүп жатканына карабай орус аскерлери Украинанын ар кайсы шаарларына абадан сокку урууну улантып, чыгыш жана түштүк фронттордо чабуулдарын күчөтүүдө.
Шерине