Гонконг соту Кытай бийлигин сындаган медиамагнат Жимми Лайды "күнөөлүү" деп тапты

Гонконгдогу белгилүү медиамагнат жана демократиялык кыймылдын активисти Жимми Лай.

Гонконгдун Жогорку соту белгилүү медиамагнат жана демократиялык кыймылдын активисти Жимми Лайды күнөөлүү деп тапты. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Өкүм Кытай бийлиги кабыл алган улуттук коопсуздук тууралуу мыйзамдын негизинде чыгарылды.

78 жаштагы Лай чет элдик күчтөр менен сүйлөшүп иш алып барган жана “бузуку материалдарды” жарыялаган деп айыпталды.

Ал бул айыптардын бирин да мойнуна алган жок. Өкүм январь айында чыгат.

Жимми Лай буга чейин жабылып калган Apple Daily гезитинин негиздөөчүсү жана Кытай Коммунисттик партиясынын эң катуу сынчыларынын бири болгон.

Ал беш жылдан бери абакта отурат. Бул маалда ден соолугу да начарлап кеткен.

Сот жараяны 2023-жылдын декабрында башталган.

АКШ, Британия жана укук коргоо уюмдары Лайдын ишинин саясий өңүтү бар экенин билдирип, аны бошотууну талап кылышкан.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму сот процессин мыйзам үстөмдүгүнө туура келбейт деп сындады.

Ал эми Кытай бийлиги жана Гонконг администрациясы сот адилет өткөнүн, улуттук коопсуздук эркиндиктерден жогору турарын билдирип келет.

Бул иш Гонконгдо демократиялык оппозиция дээрлик толук жок болуп бара жаткан шартта каралууда. Жакында эле аймактагы эң ири оппозициячыл партия да өзүн-өзү таркатууга аргасыз болду.

Дагы караңыз

Президент Жапаров министр Орозовду этиканы сактабаганы үчүн кызматтан алдыРумынияда миңдеген адам сот системасындагы мыйзам бузууларга каршы митингге чыктыУкраинада дрон соккусунан бир нече киши жараат алды, Орусиянын электр тармагы бутага алынды