"Окууга кабыл алууну токтоткула дешти". Автомектеп ээлеринин кайрылуусу, Агартуу министрлигинин долбоору

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Автомектеп

мазмуну

  • "Автомектептер ассоциациясы" Президенттин иш башкармалыгына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча борбор менчик автомектептерге 2026-жылдын январынан курсант алууну токтотууну сунуштаганын билдирди.
  • Президенттин иш башкармалыгы бул тууралуу комментарий бере элек.
Апта башында Агартуу министрлиги В, С категорияларындагы айдоочуларды он айдан бир жылга чейин окутуу боюнча сунушун коомдук талкууга чыгарган.

Автомектептердин билдирүүсү

“Автомектептер ассоциациясынын" мүчөлөрү 12-декабрда маалымат жыйынын өткөрүштү. Ага 80ден ашуун жеке автомектептердин ээлери катышып, президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Алар айдоочуларды окутуу мөөнөтүн узартууну келерки жылдын 1-сентябрына чейин жылдырууну суранып жатышат.

"Автомектептер ассоциациясынын" мүчөлөрү маалымат жыйынында. Бишкек. 12-декабрь, 2025-жыл.

Ассоциациянын мүчөсү, "БИМ-Стройсервис" жеке автомектебинин жетекчиси Бектур Карынбаев буларды айтты:

"Президенттин иш башкармасына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор эми "1-январдан тартып айдоочулукка окууга курсанттарды кабыл алууну токтотуп тургула" деген сунушун жиберди. Жаңы токтомдун негизинде окуу процесси, окуу пландары, теориялык жана практикалык окууларга чоң-чоң өзгөрүүлөр кирет деп жатат. Ошого байланыштуу, биз дагы 2026-жылдын январына азырынча окуучуларды алууну токтотуп койдук".


"Айдоочуларды даярдоо борборунун" жетекчиси Медербек Тагайбек уулу анын сөзүн кубаттады:

"Бизге кечээ-бүгүн "окуучуларды кабыл албай турууну сунуш кылабыз" деген билдирүү келе баштады да. Ошол себептен биз бул жерге келдик. Биздин суранычыбыз, 1-январдан эмес, 1-сентябрга чейин узартуу максатында. Жылдырганда кандай? Мисалы азыр 2,5 айдан 3,5 айга чейин окутсак, ошол мөөнөттү этабы менен 5 айга чейин которуу. Анткени жарандарга да шыр эле 10 айды киргизип салса, оорчулук жаратат деген ой менен биз ошону эле суранып жатабыз. Этабы менен ай сайын көбөйтүп, узартса деп суранып жатабыз. Башка суранычыбыз жок. Биз бийликтин реформасын толук колдойбуз".

Автомектеп ээлеринин сөзүнө караганда, ушул тапта 2,5 ай окутуучу автомектептердин акысы орточо 25 миң сом. Алар эгер окутуу мөөнөтү узартылса, акысы да кымбатташы ыктымал.

Президенттин иш башкармалыгы бул тууралуу комментарий бере элек.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 3-ноябрда 2026-жылдын башынан тартып бардык жеке менчик автомектептер жабыларын, жалаң мамлекеттик автомектептер каларын айткан. Ал мамлекеттик автомектептерде окуу 14 ай жүрөрүн, мунун баары реформанын алкагында ишке ашарын билдирген.

Дагы караңыз Быйыл жол кырсыгынан каза болгондордун саны 30% өстү

Агартуу министрлигинин долбоору

Агартуу министрлиги 8-декабрда В, С категорияларындагы айдоочуларды даярдоо боюнча буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоор "В, С категорияларындагы айдоочуларды даярдоо боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары" деп аталат.

Анда билим берүү стандарттарын автомектептер менчигинин түрүнөн көз карандысыз сактоого тийиштиги белгиленген. Долбоордо ошондой эле автомектептер окутуу программасын илим, техника жана социалдык чөйрөнүн жетишкендиктерин эске алуу менен иштеп чыгуусу, натыйжалуу ишке ашыруусу жана кесипкөй мугалимдерди тартуусу талап кылынган.

В, С категориясындагы айдоочулуарды окутуу күндүзгү, күндүзгү-кечки жана аралыктан (онлайн) окутуу формаларында жүрүшү мүмкүн. Аралыктан окутуу учурунда практикалык сабактар инструктордун коштоосунда милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиштиги белгиленген.

Долбоорго ылайык, автомектепке абитуриеттер орто жалпы билим жөнүндө аттестаты, негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүгү менен тапшыра алышат.

  • Мамлекеттик окутуу стандарты боюнча В категориясындагы күбөлүк алуучу айдоочулар 10 ай окушат, ал эми С категориясындагы айдоочулукка окутуунун мөөнөтү бир жыл.


Агартуу министрлигинин долбоорунда автомектептер айдоочуларга автоунаа башкарууну үйрөтүү менен гана чектелбей, алардын унааны коопсуз, жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу башкаруусун камсыздап, жол эрежелерин терең билген кесипкөй айдоочуларды даярдоого, айдоочулардын укуктук маданиятын жана жүрүм-турум этикасын калыптандыруу керектиги жазылган. Ошондой эле автомектептер айдоочулардын түрдүү жол кырдаалдарына психо-физиологиялык туруктуулугун жогорулатуу, жол кырсыгынан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө даярдоо да милдети жүктөлмөкчү.

Мындан тышкары айдоочулар жолдо унаасына техникалык тейлөө жүргүзүүнү да билүүгө тийиштиги белгиленген.

Ал эми автомектептердеги окутуучуларда тиешелүү адистик боюнча орто кесиптик же жогорку кесиптик билими жана тиешелүү кесиптик уюмдарда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу керек. Үч жылда бир жолу кесиптик көндүмүн жогорулатып турууга тийиш деген талаптар жазылган.

Алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөткөн окутуучу медициналык билимге ээ болууга, ал эми психофизиологдун профилдик билими жана айдоочулар менен иштөө тажрыйбасы болушу шарт деген талап коюлган.

Тогуз айда 300 миңге жакын адам айдоочулук сынактан кулаган

Кыргызстанда жол кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу айдоочулукка окутуунун жол-жоболорун өзгөртүү сунуштары буга чейин арбын айтылган. Айдоочулук күбөлүк берүүдө көзөмөл күчөтүлүп, 20-октябрдан баштап менчик автомектеп ачуу үчүн лицензия берүүгө 2028-жылга чейин тыюу салынган.

Президент Садыр Жапаров буга чейинки убакта алынган айдоочулук күбөлүктөрдү алгандардын 90% окубай, сатып алышканын, мындан ары ага жол берилбесин айткан. 14 айлык окуу негизи жогорку класстардын окуучуларына тиешелүү болорун тактаган.

Дагы караңыз "Төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр". Жапаровдун билдирүүсү, Атамбаевдин жообу


Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына караганда, быйылкы тогуз айда айдоочулук күбөлүк алуу сынагынан 281 миң 661 адам кулаган, ал эми 74 миң 646 киши сынактан өтүп, күбөлүк алган. Булардын басымдуу бөлүгү практикалык сынактан кулаганы айтылган.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан акыркы эки жылда жол кырсыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде алдыга чыкты. Былтыр 7 миң 423 жол кырсыгы катталып, 514 адам каза болсо, быйылкы тогуз айда 9 миң 78 жол кырсыгы катталып, 636 адам көз жумган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Машине айдаганды үйрөнүү үчүн 14 ай окуш керек". Талаштуу реформа сунушу